Штаб партии

​720005, Кыргызстан, г.Бишкек,
улица Максима Горького 116

Контактные телефоны:
(+996 312) 45-28-33
(+996 557) 20-02-13

[email protected]
[email protected]

Интернет газета «АТА МЕКЕН»: Бөдөш Мамырова: Исмаил Исаков тарапкерлерине ыраазы

“Ар намыс” партиясынын төрага орунбасары жана Исмаил Исаковдун коомдук коргоочусу Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” маек курду. - Кечээ сиз №19 жаза өтөө жайындагы абакта жаткан мурдагы коргоо министри И.Исаковго барып, анын абалы менен таанышып чыккан экенсиз. Мурда маалымдалгандай түрмөдө Исаковго кысым болуп жатыптырбы? Бөдөш Мамырова: Кечээ абакка кирдик, анткени мурунку күнү белгисиз телефон менен “Исаковдун жүрөк оорусу кармап, абалы начар болуп атат, келгиле” деген кабар аялына түшкөн экен. Жеңе өзү дарыгер катары И.Исаковдун ден соолугу кандай экенин билет экен. Ал абдан кабатырланып, адвокатын алып, мен кошо барып, ал күнү кире албай калдык, анткени кеч болуп калды. Кечээ күнү аялы менен адвокаты Бекназаров уруксат алып, кирип чыкты. Киргенден кийин алар Исаковдун абалы жакшы болгонун айтышты. Исаков “баарына салам айтып, жактоочуларыма, менин бүгүнкү тагдырыма кабатыр болуп жаткандардын баарына ыраазымын” деп айткан. Исаков туугандарына жана жөө жүрүшкө чыга турган Алай элине кабатырланып турат. Анткени жөө жүрүшкө чыкса кандай болот, жол да алыс, өзү кичи мекенинин табиятын, жолун билгендиктен ушуну бир ойлонуп көрүшсө деген суранычын билдирген. Бирок мен бир нерсени байкап калдым: аялы ичинен абдан кабатыр болуп турду. Анткени бул эжени мен билип калгам, бул аябай кайраттуу адам, анча-мынчага алдырчу эмес. Ошол себептен мен кандайдыр бир тараптар тарабынан кысым болуп атат окшойт деп өзүмчө бир бүтүмгө келдим. - Алайдагы тарапкерлерине кайрылдыңыздарбы, митингдерди, жөө жүрүштөрдү токтотуу боюнча өтүнүчүн айттыңыздарбы? Бөдөш Мамырова: Кайрылдык, алайлыктар менен сүйлөшкөндө, алар таптакыр каршы чыгышты. “Биз койгон талаптарыбыздан артка кайтпайбыз, бул талаптар аткарылмайынча биз аягына чейин чыгабыз, биз эч нерсеге ишенбей калдык. Ошол генералды актап, бошотуп, көзүбүзгө көргөзүп, маңдайыбызга алып келсин. Ошондо биз ойлонобуз” деп булар караманча каршы чыгышып, жүрүштү уланта берерин айтышты. - Ал эми түрмөнүн жетекчилери менен жолугуп, ошол Исаковдун коопсуздугу боюнча маселе койдунуздарбы? Бөдөш Мамырова: Түрмөнүн жетекчилери менен тилекке каршы жолугууга ыңгай болгон жок. Бирок адвокаты Азимбек Анаркулович жолугуп, сураганда алар албетте “коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок, биз жооп беребиз, карайбыз, ар кандай нерсеге жол бербегенге аракет кылабыз” деп айтыптыр. 12.03.10 17:49 http://atamekenkg.com/index.php?option=com_content&view=article&id=584:2010-03-12-12-51-03&catid=99:politic&Itemid=29