Партиялык тизме менен тузулгон парламенттин иштегенине бир айдан ашты кандай баа берип эмнени кутсо болот.
Кыргызда “Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт”-деген бир жакшы соз бар ошол сыяктуу эле жасалма жол менен келип, жалгыз партия устомдук кылган Парламент толук кандуу иштеп келечекте эл мамлекет учун алгылыктуу иш жасайт деп умут артуунун озу куру кыялдануу озунду озун алдоо.
Бул парламентте негизинен Ак-жолдун гана музыкасы ойнолуп ошолордун гана ыры ырдалаары мурда эле белгилуу болсо да , регламентти кабыл алганда дагы бир жолу ачык айкын болду .
Мындан ары бардык кабыл алынчу закондор чечимдер ура… менен гана коштолоору анык болду. алтургай суйлогонго да чек коюлуп байкуштар суйлоо эркиндигинен да ажырады. анан ушундай парламенттен эмнени кутсо болот.
Эмне кылуу керек абалдан чыгуунун мындан аркы жолдору кандай болот.
Албетте мындай абалдан чыгуунун мыйзамдуу жолу бул Парламентти чакырып алуу жонундогу законду, жана анын механизмдерин иштеп чыгып ишке киргизу болуп саналат.Башкача айтканда, элге берген убадасын унутуп, мамлекеттик маанилуу иштерден четтеп, парламенте диктатордук бийлик жургузгон партияны, шайлоочулары чакыртып алуу укугуна ээ болу керек. Ар-намыс партиясы мына ушундай мыйзам долбоордун устунон иштоого белсенип жатат.. Дагы бир сунуш кыла турган механизм бул парлапментте бир партия монополия болбош керек, тагыраак айтканда бир дагы партия парламенттин 2\3 орунду ээлебеш керек.
Ак-жол партиясы парламенте негизги добушту ээлеп турат эмне кылуу керек
Негизинен Ак-жол партиясынын шайлоо алдындагы берген убадаларынын аткарылышына мониторинг жургузуу керек. Айткандары менен аткарган иштери дал келип жатабы. Элге эмнелерди айтып добуш алды эле. Эске салсак пенсия жашын мурунку абалына алып келебиз, эмгекке жашы жете элек мектеп жашындагы балдардын проблемасын чечебиз, бала бакчаларды калыбына келтиребиз, граждандык коомду мамлекекетти башкарууга катыштыруу, мамлекеттик аппаратты эки эсеге кыскартабыз, аппаратты профессионалдуу жаштар менен толуктайбыз, сот системасынын экономикалык жана саясий коз козкарандылыгына жол бербейбиз деген бир топ убадаларын эл кутуп жатат. Тилекке каршы бир жарым айдын ичинде айткан убадаларын аткарууга дарамети жетбей бийлик эмне десе ошону ооз ачбай тунжурап угуп колдоп бергенден башка алгылыктуу иш аткара албай жатышат мындан аркы иш сапарлары деле ушундай болот,. алтургай айткандарына аткарган иштери дал келбеген кээ бир кайчы пикирлер пайда боло баштады.
Негизгилерин атап кетсениз.
Бир эки фактыга кайрылсак бул калктын калын катмарын умут арттырган пенсия жашы боюнча азыркы спикер Мадумаров убагында айгай салып, эмне гана деген далилдерди которуп чыкбады эле, (бул Мадумаровдун депутаттык жана мамлекеттик секретарь кезиндеги болгон дарамети жана шайлоо алдындагы негизги убадасы болчу) эми мынтип шайлоодон кийин озунун кучун жоготуп олтурат. Сот системасы боюнча К.Осмоновдун устунон 50 судьянын арызданышы, анын туура же туура эмес экение аныктабай туруп эле 15 муноттун ичинде кол которуу менен парламентте кызматтан алынышы, соттордун коз карандысыздыгы эмес, тескерисинче Ак уйдун айтканын жасап козунун агы менен тен айланган, буйрук аткарган судьялардын тагдыры ушундай чектелуу экенин Осмонов аркылуу бийлик дагы бир жолу эскертип койду. Кеп К.Осмоновдо эмес кеп соттор ачык эле командалык системага баш ийип массалык турдо дежурлукка айланып баратканында. кеп бийликтин бир бутагы болгон мыйзам чыгаруу палатасынын чонток парламентке айланып калганында. Мына ушундай Парламенттин чечиминен кийин сот эркин, судьялар коз карандысыз иш жургузот деп ким кепил боло алат.
Пенсия жашы жонундо бул донорлорго байланыштуу болуп жатбайбы так айтканда алардын туздон туз корсотмосу.
Донорлор ушул мезгилге чейин эле корсотмолорун берип талаптарын коюп келген, бирок озубуздун да бекем позициябыз, алдыга койгон максатыбыз болуп, абалдан чыгуунун механизми болуш керек да, албетте ал мамлекеттик жетекчиге байлданыштуу болот. Моюнга алуу керек Кыргызстан тышкы карызы коп, учурда карызды оз алдынча чечуу мумкунчулугу чабал мамлекет. Ошого байланыштуу донор аммлекеттер туздон туз корсотмо берип жатышат алтургай ‘эшиктен кирип тор меники’-деп ээлеп алганга да улгурушту
Тагыраак айтканда
Алсак Манас аэропортунда жайгашкан Америкалык авиабаза адегенде Афганистандагы терроризмге каршы убактылуу деп келип биротоло орношуп алды. Алар келгенден бери бир топ эле инциденттер болду, адам олуму да болду. Авиабазадан тушкон пайдадан зыяны коп экени, коп жолу айтылды, ушул кунго чейин айтылып да жатат, жыйынтыгы сезилбейт. Авиабазадан тушкон акча мамлекеттин кайсы жыртык тешигин жаап жатканы жонундо так маалымат жок. Тескерисинче ушул авиабазанын айынан Кыргызстанга демократия орнотобуз деген америкалыктар, коп нерсеге коз жуумп, оюун ачык айтуудан тайсалдап, саясий абалга баа беруудо кош стандарттуу лукка отуп баратат.
Парламент эле эмес пенсия менчик боюнча Президент озунун кайрылуусунда да ачык айтпадыбы.
Да пенсия менчиктештируу тууралу президенттин кайрылуусунда ачык айтты, талкууга албай колдошту. Айтканыбыз менен аткарган ишибиз дал келбей калды деп ойлогон Ак-жолчу болбоду.Ушул жыл ичинде мамлекеттин колундагы элдин калган мулку толук бойдон менчикке ото турган болду , анын алгачкы кадамдары башталды.Премьер министрдин Россияга болгон иш сапарында АО. ТНК. “Дастанды” сатуу жана Кыргызгазды менчиктештируу боюнча суйлошуу журду. Президент озунун кайрылуусунда да айтып жатат, мамлекетте кучтуу менеджер жок, менчикке откон обьектилерден Ак-суудагы крахмал заводдон башкасы иштебейт деп. Энергосистеманын коррупцияланганын да жашырган жок. Макул, мамлекет башчысы катары айткандары туура дейли, анда эмнеге калган элдин мулкун мамлекеттен ажыратып, таратканга шашылыш керек. Анда эмне коррупцияланган Энергосистеманын жетекчиси Балкыбековду кызмат ордун жогорулатып, министрликке жеткирип, мамлекеттин ишеними артылыш керек Мына ушундай эмне учун деген суроолор коп болгону менен, 71% ке ээ болгон Ак-жолчу парламент баш которо албай жатбайбы., алардын катарында башка партиялардын да уну угулбайт.
Премьер министр болуп турганда Ф.Кулов электр станциялар боюнча жетекчиликти кату сынга алган болчу.
Ал мындай Окумот Суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнчн Борбордук Азия регионуна кирген мамлекеттер менен мамлекеттер аралык келишимге кол коет Ошонун негизинде, биринчиден- Токтогул каскадында суунун денгээлин максималдуу турдо кармап туруу, экинчиден- суунун аз топтолуу малы болгондугуна байланыштуу кол коюулган келишимдин негизинде бири-бирине энергиянны керектуу санда берип туру максатында жазында (март-апрель) айында Премьер-министр Кулов Ф.Ш. бир канча жолу ОАО Электр станциянын генеральный директоруна электр энергияны башкаларга чектелген санда (ашыкча экспортобой) берип туру боюнча атайын тапшырма берет. Тилекке каршы ОАО электр станциянын жетекчилиги Премьер-министрдин тапшырмасын аткармак турсун, атайлап , тескерисинче энергияны экспорттоону кучоткон. Жыйынтыгында март-апрель айларында энергия коп сарпталгандыктан суунун денгээлин кескин тушуп кеткен. Ошондой эле абал былтыр да мына быйыл да болуп жатат. Былтыр мурдагы жылдары Окмоттун контролдугунун кучтуулугунон свет очурулгон эмес быйыл мына жыл башынан эле кезек кезеги менен жарык очурулуп проблема башталып олтурат. Кезегинде Ф.Кулов мына ушундай жоопкерсиздиги учун Балкыбековго чара кору максатында кызматтан чететуу сунушу айтылганда Президенттин колдоосу менен ордунда калган . Негизи, кайда экени, эмне учун коррупция эмдигенче короодон чыкбай жатканы, ( айрыкча энергосистемада) Балкыбекодун министрликке келиши менен дагы бир жолу ачык болду.
Мамырова Б.А.
Отзывы
Гость (не проверено)
Америка
вс, 2008-02-03 18:55Гость (не проверено)
Kogda, MWD ili KGB zanimaetsj politikoi - eto huje predatelstwa.
вс, 2008-02-03 19:38Добавить отзыв