КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын электр энергетика системасын
натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын электр энергетика системасын мамлекеттик жөнгө салуунун принциптерин жана механизмдерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзамдын максаттары Кыргыз Республикасынын электр энергетика системасын туруктуу комплекстүү өнүктүрүү жана энергетика коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
электр энергетикалык система – энергия системасынын электр бөлүгү жана андан алган электр энергияны өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөө процессинин бирдейлиги менен бириккен электр энергиянын кабыл алгычтары;
мамлекеттик мүлк – толугу менен же үлүштүк же бириккен мүлктүн негизинде мамлекетке таандык болгон, анын ичинде өндүрүштүн каражаттары жана продуктылары бар мүлктүн формасы. Мамлекетке мүлктүн ар-түрдүү формаларындагы акционердик коомдорунда акциялар таандык болушу мүмкүн, андан тышкары мамлекет өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектүү болгон каалаган мүлккө ээ болушу мүмкүн;
айрыкча укук – келишимдердин (контракттардын) толук жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде электр энергияны берүүгө керектөөчүлөр менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө айрыкча укук.
4-берене. Кыргыз Республикасынын электр энергетика системасын натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын электр энергетика системасын натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизденет.
5-берене. «Кыргыз бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
«Түндүкэлектро», «Чыгышэлектро», «Ошэлектро», «Жалалабатэлектро» жана «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомдорунун кошулушунун жолу менен мамлекеттик менчикте 93,72 пайыздан кем эмес акциялардын милдетүү сакталышы менен «Кыргыз бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниясы» ачык акционердик коому (мындан ары – «КБЭК» ААКсы) түзүлөт.
Мамлекетке таандык 93,72 пайыз көлөмүндөгү акциялардын үлүшүн сатууга, күрөөгө коюуга, Кыргыз Республикасынын тышкы карызын төлөөнүн эсебине алмаштырганга, кимдир-бирөөгө ишенич башкарууга берүүгө болбойт, ошондой эле жаңы акциялардын чыгарылышын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз жүзөгө ашырууга болбойт.
6-берене. «Кыргыз улуттук энергетикалык компаниясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
«Электр станциялар», «Кыргызстандын улуттук электр тармагы», «Бишкекжылуулуктармак» (Бишкек шаарынын ЖЭБ ишканасынын бөлүгү катары) жана «Нарынспецгидроэнергомонтаж» ачык акционердик коомдорунун кошулушунун жолу менен мамлекеттик менчикте 93,72 пайыздан кем эмес акциялардын милдетүү сакталышы менен «Кыргыз улуттук энергетикалык компаниясы» ачык акционердик коому (мындан ары – «КУЭК» ААКсы) түзүлөт.
Мамлекетке таандык 93,72 пайыз көлөмүндөгү акциялардын үлүшүн сатууга, күрөөгө коюуга, Кыргыз Республикасынын тышкы карызын төлөөнүн эсебине алмаштырганга, кимдир-бирөөгө ишенич башкарууга берүүгө болбойт, ошондой эле жаңы акциялардын чыгарылышын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз жүзөгө ашырууга болбойт.
Ушул акционердик коомдун менчигин кайсы түрү болбосун, кыйыр түрүн кошкондо дагы, ээликтен ажыратууга болбойт.
7-берене. Электр энергияны сатуунун айрыкча укугу
«КБЭК» ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында болгон электр энергиянын керектөөчүлөрдүн бардык топторуна сатуунун айрыкча укугун алат.
8-берене. Электр энергияны экспорттоонун айрыкча укугу
«КУЭК» ААКсы Кыргыз Республикасынын чегинен ары электр энергияны экспорттоого келишимдерди (контракттарды) түзүүгө айрыкча укукка ээ.
9-берене. Электр тармактарды жана подстанцияларды бөлүү чектери
0,4 кВ 6 кВ, 10 кВ, 35 кВ, 110 кВ болгон электр тармактар жана подстанциялар, ошондой эле 220 кВ болгон электр тармактардын туюк бутактары «КБЭК» ААКсына таандык.
220 кВ жана жогору чыңалуудагы электр тармактар жана подстанциялар «КУЭК» ААКсына таандык.
10-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузулушу үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
11-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- электр энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
2013-жылдын ___ ___________
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенеши тарабынан
кабыл алынган
Отзывы
Гость (не проверено)
Можем собрать для Вас
чт, 2014-01-09 00:38Можем собрать для Вас контакты только Ваших потенциальных клиентов несколько десятков тысяч в течение суток Skype: prodawez389 ICQ: 6288862
Добавить отзыв