Коомчулукка белгилуу болгондой Ар-Намыс партиясы озунун тарыхында эн кыйын кырдаалды башынан кечирип, ар туркун инсандар менен анын ичинде кыргыздын кылым бою эсинде кала турган саясаты, коомдук ишмерлери менен иштешип буйурса эгемендикти алгандан берки эки бийликтин ысык, суугун баштан кечирип келе жатабыз. Илгери бир кайраттуу зирек аял айткан экен "Мындан жаман кезимде да тойго баргам" деп анын сынарындай Ар-Намыстын басып откон жолуна дыкат саресеп салып караган кишиге биз абдан оор мезгилде "бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып" биримдикти туу тутуп келгенбиз. Мен айтаар элем адилеттик, чындык учун эмне гана деген гана саясий акцияларды аткарган жокпуз.
Кыргызстандын (15 жылдык) тарыхындагы цивилизациялуу тынчтык жол менен откон ( пикет, митинг, журуш , кайрылуу, билдируу) саясий иш чаралардын автору Ар-Намыс партиясы деп. Бирок, бир жолу да мыйзам бузуу жолу менен чектен чыккан ишке барган жокпуз. Анткени ар намыс, абийир, тартип, татыктуу жашоо партиянын алдына койгон максаты жана негизги багыты болчу. Партияга кирген ар бир атуулдун журогундо ушул максат кунуго кайталанып туруш керек эле. Тилекке каршы, адамдар турдуу болгондой, партия мучолорунун да туркун кыял жоруктары, амбициялары бар экен. Жеке кызыкчылыгы, кызмат орду негизги максаттары экендигин ачыкка чыгарып коюшту. Туура, ар бир адамдын оюн оз атынан айтканга, озунчо уюм тузгонго укугу бар. Бирок жеке таарынычтарынын негизинде партиянын устав, программасына каршы келген иштерди жургузгонго партия жол бербейт. Мындай чектен чыккан саясатты биздин партиялаштар айрыкча 2-ноябрдагы "тынчтык митингдин" журушундо ишке ашырышты. Ар-Намыстын атына жамынышып, улам гул кармап суйлоп жаткандар негизинен 24-марттан кийин Ф. Кулов эркиндикке чыкканда келгендер. Алар биздин саясий жашообузга активдуу аралаша албагандан кийин партиянын позициясын толук тушунбой туруп, ураалаган ундорго кошулуп кетишти. Кээ бир кезде жалпы эмоция менен эмнени айтып, эмне учун Ар-Намсты куноолоп "Кулов кетсин" деген кыйкырыкты коштоп жаткандарын оздору да тушурбой калып жатышты. Экинчиден аларга консултация берип, ошондой эмоцияга туртуп жаткандарды кайра эле оздору айтып келип жатышпадыбы.. учунчу бир жагы откон жылы 24-марттагы окуянын шарданы менен кабинеттерге кирип отуруп алышып "мен революция жазадым" деп кызматка отургандарга окшоп, быйыл да Кудай берди болуп башаламандык башталып кетсе олжолуу орунга отуруп калабызбы деген илгери умутко да алданып калышты. Тилекке каршы митингдин максаты андай эмес экенин кайдан билишсин.
Болбосо, "бизге конституциялык реформа керек, реформа жургузуу менен мыйзам чегинде гана олкону которо алабыз" дегендердин башында Ар-Намыс туруп, озунун Конституциялык долбоорун Ф. Кулов сунуштабады беле, ал гана эмес "Реформа учун" кыймылынын тузуучулорунун бири болчубуз. Туура кээ бир пункттары айрыкча "Ф.Кулов кетсин" дегенге каршы экенибизди ачык айтып бул оюбузду сьездде бекемдеп, бирок сыртта калбай реформа учун тартипти сактоого козомол жургузуу ирээтинде башынан аягына дейре катышып журдук. Анан эле "Ар-намыс реформаны колдобой койду, Кулов эшикке чыкпай отуруп алды, мен элге куйгономдон кыйкырганы келдим" деп кокурок каккан, партияны жеке озу учун курал катары пайдаланган акылы тайкы, коодону кондой, саясий тушунугу тар партия мучолорунон эртерээк тазаланганга мезгил келип жетти.
Чынын айтканда ушул митинг Ар-Намыстын кээ бир мучолорунун эле акыл коронгосун, саясий денээлин эмес кээ бир кыргыздын тундугун которчумун деген жигиттердин да ким экенин элдин элегине салып койду. "Саясат таза эмес" деп айтылып журчу эмеспи, корсо саясатты таза эмес, озунун популисттик эмоцианалдуу мунозун тануулаган инсандар озуно ылайыктуу кылып бурмалап коёру дагы бир жолу маалым болду. Былтыр 24-марттан кийин да бир топ мен деген саясатчыллардын тубу келип "креслого" такалып, дараметин кызмат менен айкалыштырып, эл деген жоон ундору желге айланды эле, 2-ноябрдагы митинг да кимдин ким экенин, кимге эмне керек экенин, мындан аркы келечегибизди кимдер аркылуу коро алабыз, элдин тагдырын кайсы саясатчы же коомдук ишмер аркалай ала тургандыгын алаканга салгандай ачып койду.
Башкасын айтпаганда да кечээ эле Акаев бийлигинде бир уй-булоонун оту менен кирип, кулу менен чыккандар кечээ эле жаны бийликтин жарчысы болуп, реформа оюунуна келбеген эл депутаттары чуркап келип башкаруучу болуп бакылдап суйлоп, анан болор болбос тирешуу боло калса жупогу оозуна кептелип, эртерээк элди таратып, ийинге кире качалы дегендер да оз жондомун, эмнени коксогонун коргозуп коюшту. Баягы "кылыктын баары эле кызда эмес, кайчы кармагандын баары эле уз эмес" дегендей кыйкыргандын баары эле кыргыз элинин жугун которо албасы белгилуу болуп калды. Митинг башталгандан аягына чейин оздорунун оюн айтып, митингди, антимитингди анын ичинде жеке инсандарды, бизди сындап да, жактап да келгендердин саны арбын олду. Эл деген эл экен, ар кимдин ар кандай ою бар, бирок да негизинен копчулук пикирлердин дал келген ........... жактары. Куловдун туруктуулугуна, калыстыгына, айткан созун аткара билген, тигил же бул жагына ооп кетпей, пикирин карманып турганы стабилдуулук учун чон олжо болду. Куловдун бир ооз созу ал тургай кенедей коз карашынан эле жагдай башка жакка бурулуп кетиши мумкун эле. Тагыраак айтканда тундук, туштук маселеси тескери жагына ооп кетиши толук ыктымал эле деп ыраазы болуу менен айтып жатышты.
Мен партиянын туштук регионуна жооп бергендиктен мага келгендердин копчулугу туштуктуктор. Эн кызыгы копчулугунун оозунан "биз Куловго эми тушушндук, коз карашыбыз туп тамырынан озгорду", ал тургай Баткенден келген бир эже "Бакиев да мындан ары кам санабай эле Куловго ишенип, биргелешип иш алып барыш керек, мындан ары Кулов жонундо, ага болгон сый-урмат "супер" болот", "жаман туугандан зирек душман артык" дегенди эстей журуш керек деп. Анан мен тан калып, "эмнеге эле "эми", "мындан кийин" дейсинер ушул кезге чейин эмне Куловду тушунбодунор беле" десем, "сен сураба, биз айтпай эле коёлу. Ар кандай создор, агитациялар болгон да элидин башын айланткан". Кимдер тараптан экенин сурасам, ким болмок эле бийликтин адамдары экенин айтышты. Ушундай эле бааны Текебаевге да айтып жатышты. "Ушунчалык такшалыптыр, бир да ашыкча соз суйлобой, айткандарынын баары так, мыйзам чегинде, бир да адамдын атына ашыкча конул чогоргон соз айткан жок. Реформа дегенди ийне жибине чейин билет экен. Сын айтканды, сынды кабыл алганды да абдан оздоштуруптур. Аман болсун баралына келип курчуп турган учуру экен. Айлана-чойросундогулорго аралышып, эмоцияга алдырбаса экен" - бул пикирлер эски, жаны аянттан тундук туштук дебей айтып жатышты.
Мына ушундай пикирди мен да бир-эки ооз соз менен толуктагым келди. "Соз келгенде айтпаса соз атасы олот" демекчи "Реформа учун" кыймылы айтаарлык эле жумуш жасады. Эн негизгиси Реформага багыт алып, Конституциянын жаны редакциясын кабыл алуу менен уй-булоолук урук-тууган башкаруучулук чектелет. Алдыда иштелчу иштер али коп экендигине карабай, бул митингдин орчундуу айта кетчу бир жагы кимдин ким экенин эл эле эмес саясатта жургон ар бир адам, анын ичинде узонгулош иштеген жакын санаалаштар да бирин-бири ачык тушунуп калгандай болду. Ооба, копчулук айткандай Ғ. Текебаев мурдагы калыбынан жазбай озун абдан жогорку денгээлдеги инсан экенин тастыктай алды. Мен ушундай эле пикир Темир Сариевге да таандык экенин айтаар элем. Анткени, кыйкырык суроонго кошулуп ар кайсыны суйлой бербей озунун созуно сарасеп салып, кызуу кандуулукка алдырбай, айтса да орундуу орундуу айтып озун салмактуу, токтоо алып журду. Бугугнку кундун эртени да болот дегендей, катсе да элдин элегинен откондор да. Албетте, бейокмот уюумдун жетекчилери, биздин кыздарыбыз Рая Кадырова, Асия Сасыкбаева, Чолпон Жакуповалар жигиттерден кем калышпай, абалдын он жагына тынчтык жолу менен чечилишине жан аябай, куну-туну дебей чуркап журушту. Эзелтен кыргыз кыздарына таандык болгон озгочо касиетти аркалап, Курманжан датка энебиздей болуп керек мезгилде бийлик менен оппозициянын ортосунда кээ бироолорго окшоп озуно керек ынгайлуу мезгилди тандап олтурбай эле, стабилдуулук, тынчтык учун копуро болуп, тикесинен тик турушту.
Ушундай жагымдуу ойлор менен катар эле конулду чогоргон жагдайлар да арбын болду. Айта кетсем, эмнегедир биздин жигиттер ото эле майдаланып, "мырза жигит" деген улуу салттан алыстап бараткандай. Болбосо акылы толук, ар тараптан жетиштуу деген мырзаларыбыз; качандыр бир мезглде мен сага чай бердим эле, сый корсоттум эле, жардам бергем, аш бергем, нан бергем, жакшылыгымды билбейт Кудайга койдум деп карызын доолап аткансып канырыгы тутоп атса, кыргыз дос-тууганга эмес душманга берген ашын да доолачу эмес эле го. "Таш менен урганды аш менен ур" деген тарыхты унутуп баратабызбы, эмне бугунку кун менен жашап калдыкпы, мынчалык пастыкка тушконго эмне туртку болду, алды-артын карабай бири-бирине неге мынча акаарат айтышат деген тупсуз ойго батып, анан мындан кийин бироонун чайын ичкенди, сыйын коргонду да ойлонуш керек окшойт деген бутум чыгарууга туура келди.
Жигиттерибиз минтип кылдан кыйкым таап, алган-бергендерин ортого салып, элдик денгээлге которуп жатса, кыздарыбыз кынк этпей, оозунан ашыкча соз чыкпай ушул иш-аракет тынч, жакшы жагына чечилип кетсе экен деп жан уроп жаткандарын коруп бийлик бутагында, айрыкча парламентте айымдардын жетиштуу денгээлде болуусу турмуштук зарылчылык экенин айгинелеп койду. Кыргызстандын келечегин эркектерден кем калышпаган зирек аялдар да чече алаарын эске алып, мамлекетибиздин осуп онугуусундо аялдардын ролун жана жигиттердин ордун окурман аныктаар мезгил келип жетти...
Мамырова Б.А.,
Член Политсовета политической партии “Ар-Намыс”
6 декабря 2006 года
Отзывы
Гость (не проверено)
от Тимы
ср, 2006-12-06 22:36editor
Виталий Искаков
чт, 2006-12-07 10:43Гость (не проверено)
привет тима
чт, 2006-12-07 10:46Гость (не проверено)
Тимуру
чт, 2006-12-07 10:49Гость (не проверено)
от Тимы
чт, 2006-12-07 10:58Гость (не проверено)
Моим байкешкам от Тимы
чт, 2006-12-07 11:00Гость (не проверено)
Тиме
чт, 2006-12-07 11:17Гость (не проверено)
салам тима
чт, 2006-12-07 15:20Гость (не проверено)
салам тима
чт, 2006-12-07 15:20Гость (не проверено)
Ар-намыс
чт, 2006-12-07 15:31Гость (не проверено)
Ар-намыс
чт, 2006-12-07 15:31Гость (не проверено)
ответ
чт, 2006-12-07 17:08Гость (не проверено)
вопрос
чт, 2006-12-07 17:14Гость (не проверено)
От умницы
чт, 2006-12-07 17:45Гость (не проверено)
Привет Тима, с
чт, 2006-12-07 17:48Гость (не проверено)
Тимур
пт, 2006-12-08 16:16Гость (не проверено)
Салам!!!
пт, 2006-12-08 16:37Гость (не проверено)
ответить
вс, 2006-12-24 11:54Гость (не проверено)
жоктоочу
вс, 2006-12-24 12:06Добавить отзыв