«НЕГИЗГИ МАКСАТЫБЫЗ ПАРЛАМЕНТТИК
РЕСПУБЛИКА КУРУУ»
- Польшага барып келгениўиз тууралуу айтып берсеўиз?
- Польшада 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин болдум. Ал жакка барганымдын себеби, саясий партиялардын єнїгїшї, шайлоо компаниясынын жїрїшїнїн процедурасы менен Польшанын саясий системасы менен таанышуу, кыскача маалымат алмашуу жана тажрыйба алуу. Бул мамлекетте ошол маалда жергиликтїї кеўешке шайлоо болуп жаткан. Кєптєгєн саясий партиялардын єкїлдєрї жана шайлоо штабдарынын жетекчилери менен, жергиликтїї кеўешке кандидаттар жана Сеймдин (Парламенттин кичи палатасы) депутаттары менен жолугушуу болду. Парламенттин имаратында жана їч-тєрт шаарында болдум. Гданьск шаары байыркы маданий салттарга бай, ошондуктан дїйнєлїк «янтардын борбору» делген атак наам алып жїрєт экен. Ушундай суктандырган жерде болгонума толкундандым. Жаштар шайлоо компаниясында активдїї экен. Ал эми поляктардын бизге кызыккандары: Биздин мамлекеттеги болуп жаткан акыркы окуяларды абдан кызыкчылык менен кабыл алып, жакшы ойлорун билдиришти. Сеймдин депутаттары президенттин оппоненттери "лоббировайт эткен" Чыгыш мамлекеттери їчїн таў калаарлык окуяны - Конституциялык реформаны кызыгуу менен жана ачык маанайда кабыл алышты. Керек болсо Борбордук Азияда - тагыраак айтканда оппозиция институтунун пайда болуп, єнїгїїсїнє ишенбестик менен карашат. Кыргыздардын меймандостугуна чоў баа беришти.
- "Ар-Намыстын" жаштары кандай жумушту аткарып жатасыўар жана келечектеги ой максатыўар?
- Партиянын жаштар канаты єз алдынча (программа жана уставдан сыртка чыкпай) жаштарга тиешелїї жана башка кєптєгєн иштерди кылганга аракеттенип келе жатабыз. Токтоло кетсем биз быйыл жазында партиялар аралык футбол турнирин єткєрдїк. 1-июнда балдарды коргоо кїнїнє арнап «Балдардын тагдыры бизди кайдыгер калтырбайт» деген акцияны єткєрдїк. Эў негизинен мен приоритети жаш кадрларды окутуу, партиялык тарбиялоого жана даярдоого берем. Анткени, алар кийин саясатта чалдыкпай, такалбай, єз позициясын так, тїшїнїктїї билдирип, иш алып барганга чоў сабак, тажрыйба болот.
Бардык тегерек столдордо, конференцияларда, семинарларда биздин ар бир єкїл биздин позицияны жактап єз ойлорун билдирет. Муну менен эмнени айткым келет. Бул пикетте эле эмес, биздин конференцияларда, тегерек столдордо керек болсо, футбол талаасында жолугуша аларыбызды билдирет. Келечекте кєп пландар бар, алар менен кийинчерээк тааныштырам. Буйруса келерки жергиликтїї жана ЖК шайлоолорунда 20-25% кем эмес жаш кадрларды бийликке аралаштыруу.
- "Ар-Намыс" партиясына кантип єтсє болот?
- "Ар-Намыс" партиясына устав жана программа менен таанышып, биздин идеяны теў бєлїшсє, арыз жазып, партияга кирсе болот. Аны саясий кеўеш карап, партиялык билет берет. Эч кандай акча тєлєєнїн кереги жок. (Партиялык взностор жок).
- Жаўы кабыл алган Конституцияга кандай карайсыз?
- Жаўы Конституция идеялуу деп айталбайм. Бирок бул мурдагыга караганда прогрессивдїї десек болот. Президенттин ыйгарым укуктары азайтылып, парламенттин жана єкмєттїн тагыраак айтканда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кєбєйтїлїп жана партиялык тизме киргени жакшы.
- Анын турмуш жїзїндє ишке ашыруу кандай болот?
- Анын ишке ашуусу: жаўы кабыл алынган Конституцияга жараша саясий системаны оўдоп, чыўдоо керек. Тездик менен жаўы шайлоо кодексин, саясий партиялар жєнїндє жаўы мыйзам кабыл алуу жана БШКны жаўыртуу керек.
- Партиянын келечектеги стратегиясы кандай?
- Эў негизги стратегиясы бул - Парламенттик республика куруу. Єзїбїздїн максатты ишке ашыруу їчїн келерки жергиликтїї жана парламенттик шайлоого даярдануу менен ийгиликтерди жаратуу. Ошого жараша партияны чыўдоо, имиджин кєтєрїї, программасын жаўыртуу, элге чыгуу, мїчєлєрдї жана жактоочуларды кєбєйтїї, элет жерлерге бєлїмдєрдї ачуу биринчи орунда турат.
Экономиканы єнїктїрїї керек. Эў негизинен Банктык системаны, айыл чарбасын єнїктїрїї жана орто катмарлуу кирешелїї калкты кєбєйтїп, жеке менчикти єнїктїрїї керек. Буга жараша мамлекет шарт тїзїп берсе, элден єкмєттєн эч нерсе сурабай єздєрї єнїгє берет. Калк мамлекеттен кєз карандысыз болот. Бїт єнїккєн єлкєлєрдє ушундай. Эў негизинен шарт тїзїп элден алып элге берїї.
Аўгеме дїкєн курган
Гїлнура Сманбекова.
«Апта»
Добавить отзыв