Конкурстук комиссия «Ар-Намыс» саясий партиясы жана парламенттик фракциясы жүйөсүз унутулган байыркы-кыргыз улуттук куралдарын: бычак, канжар, шамшар, кылыч жана башкаларды кайра жаратуу жана азем белек (сувенир) катары пайдаланышына шарт түзүү максатында аларды эң мыкты жасоо үчүн жарыялаган конкурстун жыйынтыгын чыгарды.
Конкурстун биринчи этабы - улуттук белгинин үлгүсү катары кыны менен мыкты бычактар, кыны менен аңчылык жана кесип-тууроочу мыкты бычактар боюнча өткөрүлдү.
Кыргыздын каада-салтында бычактарды колдонуу жаатындагы ырым-жырымдар бүгүнкүгө чейин сакталып келе жатат. Дасторкондун үстүндө бычактын мизи өйдө каратылып жаткырылбашы керек – бул душманды өйдөлөтүү белгиси. Бычак менен ойноого, астанага ыргытууга, кишиге тап бергенге болбойт жана бычактын мизин кармалабайт. Бир сөз менен айтканда, ага этиятсыз мамиле жасоого жол берилбейт. Байыркы мезгилден эле кыргыздар темирдин түрлөрүн кылдат иштете билген: бычактарды, кылычтарды, балталарды, канжарларды, найзалардын учтарын жана жебелерди жасашкан. Кыргыз курал-жарактары жөнүндөгү маалыматтар Ю.С. Худяков, Н.Я. Бичурин, Н.В. Кюнер, Г.П. Супруненко сыяктуу белгилүү тарыхчылардын эмгектеринде дээрлик кеңири чагылдырылган.
Кыргыздын улуттук бычактары – бул унутулган, бирок байыркыдан калган түгөнгүс жана таң калыштуу курал-буюмдар. Канжарлардын жана бычактардын ар кыл түрлөрү темир бекиткичи болгон, кайыштан жасалган кыргыз куруна (кемер курга) тагылып жүргөн. Кемер курдагы бычак кийизден ийлеп жасалган көрктүү улуттук баш кийим – калпак менен бирге чыныгы кыргызды туюнтуп турган. Курунун түрүнө жараша адамдын коомдогу даражасын аныктоого мүмкүн болгон. Кемер кур денеге күч-кубат кошот, ал эми бычак сыркы келбетке эр жүрөктүүлүктү жана барктуулукту туйгузуп турат деп эсептелинген. Илгертен өзүнчө үй-бүлө күтөөрдө жаш жигит атасынан насаат сөз угуу менен, андан бычак менен кемер кур алган. Мындай белек адатта үй-бүлөдө уул төрөлгөндүгүнө жана өспүрүмдөрдүн бой жеткендигине байланыштуу жана алар үйлөнгөндө берилип келген. Ошондой эле салтанаттуу, кооздоп жасалган канжар тагылган кемер кур өзүнүн өмүрүндө маараке–той күнүн белгилеген эркектер үчүн өзгөчө айырмалуу жана татыктуу белек болуп саналган. Бычагы бар кемер кур үй-бүлөлүк салт катары муундан муунга уланып келген. Илимий эмгектердин жана изилдөөлөрдүн негизинде демилгечилер тобу тарабынан улуттук канжарлардын жана бычактардын ар кыл түрлөрү кайра калыбына келтирилген. Буларга эң алды менен: “Барс бек канжары”, “Ажо бычак”, “Той бычак”, ошондой эле енисейлик кыргыздардын атайын жоокерчилик “Багыр канжар” бычагы кирет.
Конкурска даяр буюмдар катыштырылды. Көрсөтүлгөн эки аталыш боюнча буюмдары мыкты деп табылган сүрөтчү Майрамкул Асаналиев менен уста-зергер Тагай Шаршеналиев 25 000 сом сыйлык менен сыйланышты. Биринчи орунга ошондой эле россиялык окумуштуу, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү Юлий Худяков да татыктуу болуп, сунуштаган баалуу эмгеги үчүн 25 000 сом өлчөмүндөгү сыйлык ээси болуп калды.
Конкурска ошондой эле бычактардын жана кындардын, алардын өлчөмдөрү, бычактын мизи, сабы, кындары кандай материалдардан даярдалары көрсөтүлгөн эскиздердин сүрөттөрү да катыштырылды.
Көрсөтүлгөн аталмалар боюнча сунушталган мыкты эскиз үчүн Султанбек Макашов менен Аскат Чоңбашев акчалай кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту. Сүрөтчү-уста Халил Момунов улуттук бычактын эки түрүн даярдаган. Бул эмгектери үчүн ага да кызыктыруучу сыйлык берилди.
“Ар-Намыс” партиясынын саясий кеңеши конкурстун катышуучуларына жана калыстар курамынын төрагасы белгилүү окумуштуу-тарыхчы Т.Чоротегинге, комиссия мүчөлөрү К. Иманалиеву, Дж. Муканбетову, К. Сапарбаевге, А. Баялиновго, С. Макашовго, А. Жапаровго, О. Капалбаевге, А. Бальджиковго, К. Раматовго зор ыраазычылык билдирет.
Конкурста жеңип чыккан бычактарга алардын авторунун (авторлорунун) атына тиешелүү патент алуу үчүн Кыргызпатентке конкурстун уюштуруучуларынын эсебинен төлөнүү менен кайрылуу жөнөтүлөт. Алар мындан соң «Ар-Намыс» партиясынын саясий кеңешинин заказы боюнча сыноо иретинде сатуу жана «Ар-Намыс» партиясынын белек фондун түзүү үчүн өнөр жай ишканасынын биринде даярдоого берилет.
Конкурстун экинчи этабын өткөрүү жөнүндө кошумча кабарландырылат.
«Ар-Намыс» партиясынын
саясий кеңеши
Добавить отзыв