КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Электр энергетика жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Электр энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«баалар керектөөчүлөрдүн адаттагы иш-аракеттеринин түрүнө жараша салык салууга чейинки пайданын пландык нормасынын кошулуусу менен колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жылуулук жана/же электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн толук өздүк наркын чагылдырууга тийиш;».
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
2013-жылдын ___ ___________
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенеши тарабынан
кабыл алынган
Добавить отзыв