ЧЕЧИМИ
Бишкек шаары 4-октябрь, 2021-жыл
"Намыс жана Тартип " (Честь и Порядок) саясий партиялардын коалициясы "Ар-Намыс", “Улуттар биримдиги” элдик партиясы, КЭДП, партиялары жана “Мекендештер”, “Көзөмөл”, “Мекен сакчысы”, “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмелери төмөндөгү чечимди кабыл алышты:
ЧЕЧИМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын шайлоосуна катышуу максатында "Намыс жана Тартип" деп аталган саясий партиялардын коалициясы түзүлсүн (мындан ары - Коалиция).
Жогорку Кеңешке шайлоодо коалиция “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы өкүлчүлүк катары көрсөтүлсүн;
2. Коалиция жана Жогорку Кеңешке шайланган депутаттар төмөнкүлөргө багытталган саясатты жүргүзүүгө милдеттендирилет:
- көз карандысыздык, суверенитет, демократия, биримдик, укуктун үстөмдүгү, светтик жана социалдык мамлекет принциптерине негизделген конституциялык түзүлүштү бекемдөө;
- саясий стабилдүүлүктү сактоо, ошол эле учурда элдин кызыкчылыктары ар кандай кландык, уруучулук, саясий жана башка кызыкчылыктардан сактоо;
- кыргызстандыктардын материалдык турмушун, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- башка өлкөлөр менен кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү, анын ичинде ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттер менен болгон мамилелерди жакшыртуу артыкчылык болуп саналсын.
Коалициянын мүчөлөрү Коалициянын ыйгарым укуктарына доо кетире турган аракеттерге жол бербөөгө милдеттенме алышат.
3. Партиялардын төрагаларынан, Коалициянын мүчөлөрүнөн турган Коалициянын Кеңеши түзүлсүн.
4. Коалициянын жана Коалициянын Кеңешинин лидери болуп Ар-Намыс саясий партиясынын төрагасы Кулов Феликс Шаршенбаевич шайлансын. Депутаттыкка ат салышуудан баш тартты жана өзүнүн күч-аракетин Коалициянын мүчөлөрүнө, эгер алар “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышса, жардам көрсөтүүгө багыттоону каалайт деген билдирүүсү эске алынсын.
5. “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы Жогорку Кеңешке өткөндө, Коалиция парламенттин 7-чакырылышынын бардык мезгилинде ишин улантат.
6. “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы Жогорку Кеңешке өткөн кезде анын ар бир депутаты өз ишмердүүлүгүндө Коалициянын Кеңешинин чечимдерин башкарууга милдеттүү болот.
7. Коалициянын Кеңешинин чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Коалициянын лидери добуш берген тарапка чечим кабыл алынат. Депутаттарды чакыртып алуу жөнүндө чечим, бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан макулдугу менен гана кабыл алынат.
“Ар-Намыс” саясий партиясынын
Төрагасы Кулов Феликс Шаршенбаевич
“Улуттар Биримдиги”
элдик партиясынын
Төрагасы Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич
“Кыргызстан Элдик-Демократиялык”
саясий партиясынын
Төрагасы Медетбеков Артур Капарович
“Элдик көзөмөл”
коомдук бирикмесинин
жетекчиси Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич
“Мекен сакчысы”
коомдук бирикмесинин
жетекчиси Эратов Сайитжан Саматович
“Көзөмөл”
коомдук бирикмесинин
жетекчиси Турганбаев Айбек Калмакович
“Мекендештер”
коомдук бирикмесинин
жетекчиси Федоров Дмитрий Иванович
Добавить отзыв